“Кумтөрдүн” экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк компаниядагы коррупциядан улам орун басарлары менен кошо камалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
https://sputnik.kg/20260813/sadyr-zhaparov-teniz-bolturuk-tuuraluu-1102974391.html
6 миң долларлык креслодо отурган. Садыр Жапаров Теңиз Бөлтүрүк тууралуу
6 миң долларлык креслодо отурган. Садыр Жапаров Теңиз Бөлтүрүк тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. “Кумтөрдүн” экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк компаниядагы коррупциядан улам орун басарлары менен кошо камалган. Бул тууралуу президент... 13.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-13T22:48+0600
2026-08-13T22:48+0600
2026-08-13T22:47+0600
кыргызстан
садыр жапаров
теңиз бөлтүрүк
кумтөр
коррупция
кресло
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/18/1060704458_101:137:1778:1080_1920x0_80_0_0_96ed86e87ae3aaa3bf044e97fa1b5e24.jpg
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. “Кумтөрдүн” экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк компаниядагы коррупциядан улам орун басарлары менен кошо камалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.Өлкө башчынын айтымында, Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” кеңсесинде 6 миң долларлык креслодо отурган.Өлкө башчы Бөлтүрүк менен кийин жолукканын, ал айыбын мойнуна алганын кошумчалаган."Мен ал келтирген зыяндын ордун толтурушу керектигин айттым. Башында эле акчаны үнөмдөөнү сурангам, кирешенин баары бюджетке түшүшү керек дегем. Кылыгы билингенден кийин Бөлтүрүктөн башкасы да камалды", — деди Жапаров.Өлкө башчы Бөлтүрүк менен кийин жолукканын, ал айыбын мойнуна алганын кошумчалаган.Теңиз Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаров 2021-жылы компанияны башкарууга чакырган. Кийинки жылы Эсеп палатасы ишканадан финансылык алешемдиктерди таап чыгып, Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Жалпы тогуз киши суралган.Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. 2023-жылы Биринчи май райондук соту аны 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарган.
https://sputnik.kg/20210527/teniz-bolturuk-tuuraluu-10-fakty-1052628715.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, теңиз бөлтүрүк, кумтөр, коррупция, кресло
кыргызстан, садыр жапаров, теңиз бөлтүрүк, кумтөр, коррупция, кресло
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. “Кумтөрдүн” экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк компаниядагы коррупциядан улам орун басарлары менен кошо камалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” кеңсесинде 6 миң долларлык креслодо отурган.
“Мага же өкмөткө айтпай эле “Кумтөрдүн” “Учкундагы” кеңсесинен көчүп, бир “мыйзамдагы уурунун” имаратын ижаралап алыптыр. Анын акчасы аттын башындай, айына 1 млн доллардан төлөмөк болгон. Аны оңдотуптур, эмерек алыптыр. Өзү отурганга эле 6 миң долларлык отургуч алыптыр. Кийин тергөөчүлөргө: “Менин боюм кичинекей, арзан креслодон көчүгүм сыйгалана берет. Ошон үчүн 6 миң долларлыгын алдым” дептир”, — деген президент маегинде.
Өлкө башчы Бөлтүрүк менен кийин жолукканын, ал айыбын мойнуна алганын кошумчалаган.
"Мен ал келтирген зыяндын ордун толтурушу керектигин айттым. Башында эле акчаны үнөмдөөнү сурангам, кирешенин баары бюджетке түшүшү керек дегем. Кылыгы билингенден кийин Бөлтүрүктөн башкасы да камалды", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Бөлтүрүк менен кийин жолукканын, ал айыбын мойнуна алганын кошумчалаган.
Теңиз Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаров 2021-жылы компанияны башкарууга чакырган. Кийинки жылы Эсеп палатасы ишканадан финансылык алешемдиктерди таап чыгып, Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Жалпы тогуз киши суралган.
Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. 2023-жылы Биринчи май райондук соту аны 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарган.
| # | Наименование новости | Тональность | Информативность | Дата публикации |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча жогорулатылып айтылган. Жапаров Ташиев тууралуу | 0 | 12.91 | 13-08-2026 |
| 2 | Жапаров “Кумтөрдүн” алтынынан түшкөн акча кайда кетип жатканын айтты. Видео | 0 | 11.94 | 13-08-2026 |
| 3 | Президент агасы Сабыр Жапаров бажы менен “Кумтөрдү” көзөмөлдөйт дегенге жооп берди | 0 | 4.05 | 13-08-2026 |
| 4 | Жапаров: кытай темасын козуткан тышкы жана ички күчтөр бар. Видео | 0 | 4.9 | 13-08-2026 |
| 5 | Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун үч жылдын ичинде бүтүрүүнү тапшырды | 0 | 8.92 | 13-08-2026 |
| 6 | Бывшего президента Киргизии Жээнбекова допросили по делу "Кумтора" | 0 | 0 | 12-08-2021 |
| 7 | В Киргизии по делу о коррупции на руднике Кумтор задержан экс-премьер Джоомарт Оторбаев | 0 | 0 | 16-09-2021 |
| 8 | Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын ачыктады. Видео | 0 | 4.44 | 13-08-2026 |
| 9 | Орунбеков Жапаровдун бир тууганы бажыны көзөмөлдөйт деген маалыматты төгүндөдү | 0 | 4.44 | 10-08-2026 |
| 10 | Салык мыйзамында эмне өзгөрдү? Экономика министрлигинин түшүндүрмөсү | 0 | 7.71 | 13-08-2026 |