Вход на сайт

Просмотр новости

Найдите то, что Вас интересует

"Айып пулуңуз бар, тез төлөңүз". Алдамчылардын жаңы кылтагы

Дата публикации: 11-08-2026 05:23:56

Башкы прокуратура жарандарды жасалма "tolom.kg" сайттарынан сак болууга чакырды.

Основное содержимое страницы с новостью.

https://sputnik.kg/20260811/aldamchylardyn-aydoochularga-zhany-kyltagy-1102915713.html

"Айып пулуңуз бар, тез төлөңүз". Алдамчылардын жаңы кылтагы

"Айып пулуңуз бар, тез төлөңүз". Алдамчылардын жаңы кылтагы

Sputnik Кыргызстан

Башкы прокуратура жарандарды жасалма "tolom.kg" сайттарынан сак болууга чакырды. 11.08.2026, Sputnik Кыргызстан

2026-08-11T11:23+0600

2026-08-11T11:23+0600

2026-08-11T11:23+0600

кыргызстан

алдамчылык

шылуундар

айып пул

шектүү

шилтеме

башкы прокуратура

https://sputnik.kg/img/104352/05/1043520528_0:163:3061:1885_1920x0_80_0_0_c2c63605a5c4efb57a7d1ab8e71215b4.jpg

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда tolom.kg мамлекеттик сервисине окшоштурулган фишинг-сайттар аркылуу жарандардын банктык карталарынын маалыматтарын уурдоо аракеттери көбөйдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура эскертти. Маалыматка ылайык, жарандарга SMS аркылуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук порталынын" атынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча карызы бар экени тууралуу жасалма билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Анда жарандарды жасалма сайттарга алып барган шилтемелер камтылган. Алардын арасында tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.pw өңдүү сайттар бар. Расмий tolom.kg сервисинен айып пулдардын бар-жогун гана текшерүүгө болот. Ал төлөмдөрдү кабыл албайт жана банк картасынын реквизиттерин талап кылбайт. Ал эми жасалма сайттар сырткы көрүнүшү боюнча мамлекеттик платформаларга окшоштурулуп, банк картасынын номерин, CVC/CVV кодун жана SMS аркылуу келген сыр сөздөрдү киргизүүнү талап кылат. Мындай маалыматтардын берилиши жарандардын акчасын уруксатсыз чыгарып кетиши мүмкүн. Башкы прокуратура мамлекеттик органдар жана расмий төлөм сервистери айып пул төлөө үчүн жарандарга жеке билдирүү жөнөтүп, шилтеме жиберип, ага шашылыш өтүүнү талап кылбай турганын белгиледи. Жарандарга белгисиз шилтемелерге кирбөө жана банк картасынын маалыматтарын үчүнчү тараптын сайттарына киргизбөө сунушталат. Айып пулдарды текшерүү үчүн расмий сайттын дарегин браузерге өз алдынча киргизүү, мамлекеттик порталдарды же Кыргызстандагы банктардын расмий мобилдик тиркемелерин колдонуу керек. Алдамчылыкка туш болгон жарандарга укук коргоо органдарына дароо кайрылуу сунушталды.

https://sputnik.kg/20260810/aldamchylykka-karshy-borbor-tuzuu-sunushtaldy-1102906065.html

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

2026

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

https://sputnik.kg/img/104352/05/1043520528_166:0:2897:2048_1920x0_80_0_0_7ef200c7642be301f8012040065b326c.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rossiya Segodnya“

кыргызстан, алдамчылык, шылуундар, айып пул, шектүү, шилтеме, башкы прокуратура

кыргызстан, алдамчылык, шылуундар, айып пул, шектүү, шилтеме, башкы прокуратура

"Айып пулуңуз бар, тез төлөңүз". Алдамчылардын жаңы кылтагы

Башкы прокуратура жарандарды жасалма "tolom.kg" сайттарынан сак болууга чакырды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда tolom.kg мамлекеттик сервисине окшоштурулган фишинг-сайттар аркылуу жарандардын банктык карталарынын маалыматтарын уурдоо аракеттери көбөйдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура эскертти.

Маалыматка ылайык, жарандарга SMS аркылуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук порталынын" атынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча карызы бар экени тууралуу жасалма билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Анда жарандарды жасалма сайттарга алып барган шилтемелер камтылган. Алардын арасында tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.pw өңдүү сайттар бар.

Расмий tolom.kg сервисинен айып пулдардын бар-жогун гана текшерүүгө болот. Ал төлөмдөрдү кабыл албайт жана банк картасынын реквизиттерин талап кылбайт.

Ал эми жасалма сайттар сырткы көрүнүшү боюнча мамлекеттик платформаларга окшоштурулуп, банк картасынын номерин, CVC/CVV кодун жана SMS аркылуу келген сыр сөздөрдү киргизүүнү талап кылат. Мындай маалыматтардын берилиши жарандардын акчасын уруксатсыз чыгарып кетиши мүмкүн.

Башкы прокуратура мамлекеттик органдар жана расмий төлөм сервистери айып пул төлөө үчүн жарандарга жеке билдирүү жөнөтүп, шилтеме жиберип, ага шашылыш өтүүнү талап кылбай турганын белгиледи.

Жарандарга белгисиз шилтемелерге кирбөө жана банк картасынын маалыматтарын үчүнчү тараптын сайттарына киргизбөө сунушталат. Айып пулдарды текшерүү үчүн расмий сайттын дарегин браузерге өз алдынча киргизүү, мамлекеттик порталдарды же Кыргызстандагы банктардын расмий мобилдик тиркемелерин колдонуу керек.

Алдамчылыкка туш болгон жарандарга укук коргоо органдарына дароо кайрылуу сунушталды.

Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2026

Схожие новости

#Наименование новостиТональностьИнформативностьДата публикации
1Өлкөдө чет элдиктерге карын эне кызматын колдонууга тыюу салынышы ыктымал07.8410-08-2026
2Адвокат: Ташиев актоо өкүмүн талап кылат09.2513-08-2026
3"Бала ырысы" жөлөк пулун кантип алуу керек. Нускама012.6613-08-2026
4Президент агасы Сабыр Жапаров бажы менен “Кумтөрдү” көзөмөлдөйт дегенге жооп берди04.0513-08-2026
5Бишкек шаардык соту "75чилердин катына" кол койгондордун баарын суракка алат07.7113-08-2026
6Прокуратура устанавливает обстоятельства ДТП с тремя детьми в Томске0502-07-2026
7Прокуратура просит ужесточить приговор фигурантам дела "Нового величия"0029-09-2020
8В ГД призвали не распространять на многодетных запрет передачи sim-карт0019-03-2025
9Прокуратура Киргизии призвала политиков, покинувших тюрьмы, вернуться обратно0010-10-2020
10В Кузбассе после ДТП с автобусом завели дело0530-06-2026

Классификация: Общество. Схожих патентов: 0. Схожих новостей: 10. Тональность: 0. Информативность: 10. Источник: sputnik.kg.