2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
https://sputnik.kg/20260810/kayrylman-makamyn-algandar-1102895996.html
Кыргызстанда быйыл 387 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды
Кыргызстанда быйыл 387 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-10T11:30+0600
2026-08-10T11:30+0600
2026-08-10T11:30+0600
кыргызстан
кайрылман
этникалык кыргыздар
жарандык
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/12/1079591175_0:83:1600:983_1920x0_80_0_0_fb255d75b2e0ac7af8bd0560d2ef2e54.jpg
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, быйыл кайрылман макамын алгандардын басымдуу бөлүгү, 351 адам, Тажикстандан келген. Мындан тышкары, Өзбекстандан — 16, Кытайдан — 10, Россиядан — 5, Афганстандан бир жана башка өлкөлөрдөн төрт этникалык кыргыз макам алган. Кайрылман макамы атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Арыз кароо мөөнөтү үч айга чейин созулат. Алар Кыргызстанда социалдык жөлөк пул, пенсия алуу, медициналык жардам, билим алуу жана иштөө укугуна ээ. Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Ушул мөөнөттүн ичинде макамдын ээси Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берүүгө тийиш. Белгилей кетсек, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны кийин Кыргызстандын жарандыгын алышкан.
https://sputnik.kg/20260707/zhaparovgo-kayryluu-zhenildedi-1102270314.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кайрылман, этникалык кыргыздар, жарандык, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
кыргызстан, кайрылман, этникалык кыргыздар, жарандык, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл кайрылман макамын алгандардын басымдуу бөлүгү, 351 адам, Тажикстандан келген. Мындан тышкары, Өзбекстандан — 16, Кытайдан — 10, Россиядан — 5, Афганстандан бир жана башка өлкөлөрдөн төрт этникалык кыргыз макам алган.
Кайрылман макамы атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Арыз кароо мөөнөтү үч айга чейин созулат. Алар Кыргызстанда социалдык жөлөк пул, пенсия алуу, медициналык жардам, билим алуу жана иштөө укугуна ээ.
Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Ушул мөөнөттүн ичинде макамдын ээси Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берүүгө тийиш.
Белгилей кетсек, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны кийин Кыргызстандын жарандыгын алышкан.
| # | Наименование новости | Тональность | Информативность | Дата публикации |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Кыргызстан жыл башынан бери 746,7 тонна балык экспорттоду | 0 | 14.22 | 12-08-2026 |
| 2 | ТИМ: Нижнекамскидеги дрон чабуулунан каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок | 0 | 6.5 | 11-08-2026 |
| 3 | Рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн | 0 | 6.64 | 11-08-2026 |
| 4 | Балыкчыда Кыргызстан менен Россия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу өтүүдө | 0 | 11.1 | 11-08-2026 |
| 5 | Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди чет жакка сатууга болбойт | 0 | 7.12 | 12-08-2026 |
| 6 | Поступление единого налога выросло на 58% в январе-мае | 0 | 5 | 27-06-2026 |
| 7 | Кыргызстанда 7 миң метрден бийик чокуларга чыгууга акы алына баштайт | 0 | 12.24 | 11-08-2026 |
| 8 | Баткенде аты менен дарыяга агып кеткен 48 жаштагы киши изделүүдө | 0 | 12.68 | 12-08-2026 |
| 9 | Иштерман мигранттардын коомдогу орду кандай? | 0 | 9.64 | 07-08-2026 |